Индиялык туристтердин Казакстанга кызыгуучулугу артып келет

Индиялык туристтердин Казакстанга кызыгуучулугу артып келет

Өлкө Нью-Делиде өткөн Travel Scapes көргөзмөсүндө абройлуу тренд багыттары сыйлыгын жеңип алды. Маданият жана спорт министрлигинин жана туристтик компаниялардын өкүлдөрүнөн турган делегация бул сыйлык пандемияга карабай акыркы 2 жылда жасалган жемиштүү иштин жыйынтыгы экенин белгилешти. Белгилей кетсек, 2022-жылы Индиядан Казакстанга 28 миңден ашуун саякатчы келген. Ал эми быйыл 40 миң турист келет деп болжолдонууда.

Дастан Рыспеков, Маданият жана спорт министрлигинин туризм индустриясы комитетинин төрагасы:

- Сандарга карап Индиянын биздин өлкөгө болгон кызыгуусу артып келе жатканын көрүүгө болот. Азыр бул өлкөнүн көпчүлүк туроператорлору Казакстан менен иштешүүнү каалашат. Биздин ишибиздин негизи бизнес.  2b2 форматындагы маанилүү жолугушуулар. Бул жерде бизнес эки тараптуу мамилелерди түзөт. Бул кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Софья Тастемирова, туристтик компания өкүлү:

- Индиянын бул базары Казакстанга келген туристтердин саны боюнча үчүнчү орунда турат. Өлкөбүзгө болгон кызыгуу чоң. Быйыл да аталган  өлкөдөн көптөгөн туристтер келет деп ишенебиз жана мындай көргөзмөлөр биз үчүн абдан маанилүү. Тажрыйба алмашып, билбеген нерселерибизди үйрөнөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков