Казакстан өкмөтү көмүскө экономикага каршы күрөшүн күчөтөт

Казакстан өкмөтү көмүскө экономикага каршы күрөшүн күчөтөт

Казакстандын өкмөтү көмүскө экономикага каршы күрөштү күчөтүүнү көздөөдө. Бул үчүн 2025-жылга чейин дүң жана чекене соодадагы мыйзамсыз жүгүртүү 5%га чейин кыскарат. Транспорт жана кампа тармагында 2,4%га чейин. Ал эми өлкөнүн ИДӨгү чакан жана орто бизнестин үлүшү, тескерисинче, 37,5%га чейин көтөрүлөт. Министрлер кабинети бекиткен тиешелүү комплекстүү иш-чаралар планы жакынкы 2 жылга эсептелген. Аны Финансылык мониторинг агенттиги иштеп чыккан. Жалпысынан республикада көмүскө экономикага каршы күрөшүү боюнча бир катар системалуу иш-чаралар каралган. Алар салык жана бажылык башкарууну жакшыртууга, натыйжалуу атаандаштыкка жана бюджетти бөлүштүрүүгө, ошондой эле калкты мыйзамсыз бизнестен коргоого багытталган. Мунун баары бажы текшерүүлөрүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга жана бажы процедураларын оптималдаштырууга мүмкүндүк берет. Өлкөдө ошондой эле формалдуу эмес иш менен камсыз кылууну кыскартуу, мыйзамсыз ишке бөгөт коюу каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков