2024-жылы транскаспий транспорттук маршрутунда жүк ташуунун көлөмү 63% өстү

2024-жылы транскаспий транспорттук маршрутунда жүк ташуунун көлөмү 63% өстү

Казакстандагы Транскаспий эл аралык транспорт коридорунун кубаттуулугу жылына 6 миллион тоннага чейин, анын ичинде 100 миң контейнердик ташуулар өстү. Алсак, ушул жылдын 11 айында жүк ташуулардын көлөмү 63%га, ал эми контейнердик ташуулар - эки жарым эседен ашыкка көбөйгөн. Өкмөт белгилегендей, көрсөткүчтөр маршруттун олуттуу өсүшүн түздөн-түз көрсөтүп турат. Айта кетсек, өлкөдө коридор боюнча инфраструктураны жаңылоого жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга гана эмес, тейлөө сапатын жакшыртууга да көңүл бурулууда. Бул милдеттерди чечүүгө ушул жылы ишке киргизилген. Транскаспий транспорт коридорунун Координациялык борбору тартылган. Жаңы платформа атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу жана Европа менен Азиянын ортосундагы жүктөрдү жеткирүү убактысын 15 күнгө чейин кыскартуу боюнча иштейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков