Казакстан
менен Түркмөнстан өз ара соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдар.
Бул тууралуу бүгүн Касым-Жомарт Токаев менен түркмөн Калк Маслахаты төрагасы
Гурбангулы Бердымухамедовдун бейформал жолугушуусунда белгилүү болду. Алар
стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө келечегин талкуулашты. Газ тармагындагы
өнөктөштүктү кеңейтүүгө, тактап айтканда, казак тараптын Галкыныш кенин чет
элдик өнөктөштөр менен биргеликте иштетүү долбооруна катышуусуна өзгөчө көңүл
бурулду. Ошондой эле Түндүк – Түштүк багытында транзиттик дараметти өстүрүүдө «Казакстан
– Түркмөнстан – Иран» темир жол магистралынын курулушу жүрүп жаткан «Түркмөнбашы
– Гарабогаз – Казакстандын чек арасы» автожолу да маанилүү ролду ойнойт.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Мамлекеттердин
ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жаткандыгы кубандырат. Ошондой эле
стратегиялык маанилүү долбоорлор бар. Анын жыйынтыгы казак-түркмөн экономикалык
байланыштарын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө болот.
Касым-Жомарт
Токаев Гурбангулы Бердымухамедовду эл аралык тынчтык жана ишеним жылынын
башталышы менен куттуктады. Анын айтымында, БУУ колдогон бул демилге
Түркмөнстандын дүйнөлүк деңгээлдеги кадыр-баркынын жогору экендигин айгинелейт.
Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов Казакстан Түркмөнстандын негизги
стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин белгиледи.
Гурбангулы
Бердимухамедов, Түркмөнстан Калк Маслахатынын төрагасы:
- Саясий,
соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки өлкөнүн ортосундагы
мамилелердин келечеги чоң. Түркмөнстандын демилгесине колдоо көрсөткөндүгүңүз
үчүн ыраазычылык билдирем.
Казакстандын
Президенти жана түркмөн Калк Маслахаты төрагасы SPK Turkistan индустриалдык
паркында болушту. Мында 6 инвестициялык долбоор ишке ашырылууда, анын жалпы
суммасы 36,5 млрд теңге. Жамгырлатып жана тамчылатып сугаруу системаларын,
тракторлорду, муздаткычтар өндүрүшү жолго коюлган. Кийинки этапта 112 имарат
куруу, жалпы суммасы 39,7 млрд теңгени түзгөн 13 жаңы долбоор ишке кошулмакчы. Касым-Жомарт Токаев жана Гурбангулы
Бердымухамедов казакстандык өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү менен таанышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

