Казакстан менен Кытай маданий алакаларынын жаңы барагын баштады. Өлкөлөр бул ырааттуулукту бекемдей турган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга ниеттенүүдө. Бул жалпы кызыкчылыкка байланыштуу жаңы демилгелер борбор калаада өткөн «Ынтымактуу коңшулук мамилелердин жаңы этабы» деп аталган тараптардын маданий алмашуу форумунун негизинде болду. Жолугушуу ШКУнун саммитинин алдында жана Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин өлкөгө сапарынын алкагында өттү. Иш-чараны ачып жатып, Маданият жана маалымат министри мамлекет башчынын куттуктоосун айтты. Анда президент Казакстан менен Кытайдын тарыхый мамилелери таптакыр жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн айткан. Учурда өз ара дипломатиялык мамилелердин орногонуна 32 жыл толду.
Аида Балаева, Маданият жана маалымат министри:
– Чындыгында маданият жана искусство өлкөлөр менен цивилизацияларды байланыштырган алтын көпүрө. ШКУнун саммитинин алкагында эки өлкөнүн маданий борборлору иштей баштайт. Бул кадам эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жол ачат. Ошону менен бирге билим берүү, илим жана туризм тармагында жаңы биргелешкен долбоорлор колго алынат. Форум Казакстан менен Кытайдын ортосундагы жакшы коңшулукка негизделген достук мамилелерди бекемдейт деп ишенем.
Форумдун алкагында кызматташуу боюнча 2 бирдей меморандумга кол коюлду. Алар Кытай медиа корпорациясынын Изилдөө институту менен Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Кытай медиа корпорациясынын Евразия бюросу менен «Kazakh Tourism» улуттук компаниясынын ортосунда жасалды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков