Казакстан менен Кытайдын ишкерлери жалпы суммасы 5,2 миллиард долларды түзгөн документтерге кол коюшту. Астанадагы ишкерлер кеңешинин алкагында тараптар 45 жаңы экономикалык келишимге кол коюшту. Алар негизинен кайра иштетүүчү өнөр жай, инженердик жана инфраструктуралык жана жашыл энергетика тармагындагы бир катар биргелешкен долбоорлор. Мисалы, 2026-жылы өлкө аймагында май куюучу станция ишке кирет. Ал эми 2027-жылы жылына 430 миң тонна буудайды кайра иштетүүгө жөндөмдүү завод куруу пландалууда. Бул тизмеге таштанды чыгаруу долбоору да кирет.
Ли Джо Гы, Кытай энергетикалык компаниянын вице-президенти
– Биз Астана шаарында турмуш-тиричилик таштандыларын күйгүзбөй, электр энергиясын өндүргөн завод курууга инвестиция салууну пландап жатабыз. Ушундай жол менен биз күн сайын бир жарым тоннага жакын таштандыны керекке жарата алабыз. Биздин компанияда дүйнө жүзү боюнча көптөгөн ушул сыяктуу долбоорлор бар. Алардын бардыгында экологиялык нормалар катуу сакталат. Учурда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, долбоорду ишке ашырууга сарпталуучу каражаттын көлөмүн эсептеп жатабыз. Аны биз Астана шаарынын администрациясы менен биргеликте ишке ашырабыз.
Транскаспий эл аралык коридорунун дараметин жогорулатууга багытталган биргелешкен масштабдуу демилгелер да пландаштырылган. Бул жолу темир жол менен жүк ташууга көңүл бурулат.
Габидолла Оспанкулов, Тышкы иштер министрлигинин инвестиция комитетинин төрагасы:
– Анын натыйжасында товар жүгүртүү дароо көбөйөт. Бул Европа менен Кытайдын ортосундагы Казакстан үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүк. Ал эми инвесторлордун Казакстанга келишинин бирден-бир себеби, алар Казакстандан тез жана арзан товар жеткирүүгө кызыкдар. Жалпысынан өткөн жылы товар жүгүртүүнүн көлөмү 42 миллиард АКШ долларына жетти. Бул жыл өткөн сайын экономикалык байланыштар өсүп жатканынан кабар берет.
Жаңы келишимдер мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди арттыра тургандыгы талашсыз. Инвестициялардын агымы көбөйөт. Маселен, кийинки 20 жылда КЭРнан ата мекендик экономикага түз инвестициянын көлөмү 25 миллиард долларга жетти. Бүгүнкү күндө Казакстанда кытайлык капиталдын катышуусунда 4 миңден ашык компания катталган.
Которгон: Илгиз Жамлбеков