Тараптар Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын мындан ары өнүктүрүү боюнча тиешелүү келишимге кол коюшту. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Биргелешкен компаниянын негизги милдети Кытай менен Европанын ортосунда жүк ташууларды жүзөгө ашыруу. Буга кошумча бардык процесстерди мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүү жана тездетүү көздөлүүдө. Эгерде пландар туура аткарылса, тапшыруу мөөнөтү 53 күндөн 23 күнгө, андан кийин 2 жумага чейин кыскарат. Ошол эле учурда документ транспорт коридорун максималдуу санариптештирүүгө мүмкүндүк берет. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн эл аралык ири инвесторлорду тартуу пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков