Анда чет элде көмүлгөн казактын улуу инсандарынын топурагы алып келинет. Мисалы, алардын арасында чыгыш окумуштуусу жана философу Аль-Фараби, атактуу колбашчы Култегин жана Бейбарыс Султан бар. Белгилей кетсек, быйыл Казакстан менен Египетте Бейбарыс Султандын 800 жылдыгын белгилөө пландалууда. Бул датанын алкагында өлкөдө көчмөндөрдүн улуттук оюндары боюнча эл аралык турнирлер, илимий симпозиумдар өткөрүлөт. Ошол эле учурда Каир Ислам искусство музейинин көчмө көргөзмөсү ачылат. Казакстанда Улуу инсандын сүрөтү түшүрүлгөн почта маркасы чыгарылат. Ошондой эле Бейбарыс Султандын ысымы Костанай облусунда курулуп жаткан туристтик комплекске ыйгарылат.
Сапар Ыскаков, «Бабалар изи менен» илимий экспедициясынын жетекчиси:
- Ал 17 жылда бүт араб өлкөлөрүн жана бүткүл исламды думшандардан монгол аскерлеринен коргогон. Ошол себептүү арабдар аны азыркыга чейин жогорку даражага коюшат. Казакта биздин атактуу ата-бабаларыбыз көп. Алардын канчасы чет өлкөлөрдө жатат? Тилекке каршы, биз алардын көбүн биле бербейбиз. Жасап жаткан ишибиздин аркасында элибиз руханий жактан жана дүйнө таанымын өнүктүрө алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков