Казакстан менен Азербайжан транзиттик жана транспорттук дараметти өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутунун мүмкүнчүлүктөрү кеңири пайдаланылат. Бул тууралуу Индустрия жана инфраструктураны өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Эки тараптын өкүлдөрү үстүбүздөгү жылга жүк ташуу болжолун, темир жол участокторунун жана Каспий деңизинин өткөрүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле, кошумча агымдарды кайра багыттоо шарттарын талкуулашты. Тактап айтканда, казакстандык экспортчулар Транскаспий транспорт коридору аркылуу 2 миллион тонна ата мекендик өнүмдү ташууга даяр. Ошондой эле, казак тарап азербайжандык кесиптештерине эл аралык автотранспортту биргелешип өнүктүрүүнү сунуштады. Мындан тышкары, тараптар биргелешкен ишкана түзүү аркылуу тарифтерди жана жүктөрдү декларациялоо маселелерин чечүүгө, бирдиктүү IT чечимдерди колдонууга жана транзиттик жүктөрдү консолидациялоого мүмкүнчүлүк алышат. Казакстан менен Азербайжан да эки өлкө ортосундагы аба каттамдарынын санын көбөйтүүгө даяр.
Которгон: Илгиз Жамалбеков