Казакстан калкынын саны 20 миллионго жетти

Казакстан калкынын саны 20 миллионго жетти

Казакстандыктардын саны 20 миллионго жетти. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев социалдык тармактагы баракчасына жарыялады. Мамлекет башчысы мекендештерин жагымдуу жаңылык менен куттуктап, бактылуу үй-бүлө - улуттун бакубаттуулугунун жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн негизи экенин белгиледи. Муну менен катар, ал мамлекет үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоого, эне менен баланы коргоого өзгөчө көңүл бурарын, бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалады. Белгилей кетсек, Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, өлкөнүн 20 миллионунчу жараны деп 5 ымыркай – 3 уул жана 2 кыз таанылды. Алар жетинин айынын 14дө Улытау, Жетису, Атырау облустарында, ошондой эле Акмола жана Түркестан облустарында жарык дүйнөгө келишти. Эске сала кетсек, 1991-жылы казакстандыктардын саны 16 миллиондон ашык болгон. Эгемендүүлүк жылдарында бул көрсөткүч 22%га өскөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков