Казакстанда жалпы улуттук эл каттоо башталды. Ал эки этаптан турат. Биринчи этап тогуздун айынын 15не чейин sanaq.gov.kz. сайты аркылуу сурамжылоону онлайн-режиминде өткөрүү. Виртуалдык жардамчы сизге жана үй-бүлө мүчөлөрүңүзгө баракты кантип толтуруу керектигин көрсөтөт. Ал эми экинчи этап, салттуу форматта, башкача айтканда интервьюерлер тогуздун айынын 1нен тогуздун айынын 30на чейин үймө-үй кыдырышат. Бул этаптын негизги өзгөчөлүгү - электрондук планшеттерди колдонуу.ошондой эле, эл каттоо учурунда 1446 боюнча чалуу борбору да иштейт. Чалуу уюлдук телефондордо да, шаардык телефондордо да жеткиликтүү. Белгилей кетсек, бул эгемендүүлүк алгандан бери Казакстанда өткөрүлүп жаткан үчүнчү эл каттоо болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков