Казакстан – Германия: Экономикалык кызматташтыктын өнүгүшү

Казакстан – Германия: Экономикалык кызматташтыктын өнүгүшү

Казакстан менен Германия энергетикалык ресурстар, транспорт жана логистика тармагында кызматташууну кеңейтүүгө белсенүүдө. Тараптар Казакстандын Премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин Германияга болгон жумушчу сапарынын алкагында экономикалык кызматташуунун келечегин талкуулашты. Казак дипломаты саясатчылар жана ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Мухтар Тлеуберди Германиянын вице-канцлери-Экономика жана климатты коргоо министри, ошондой эле өлкөнүн канцлери менен эки тараптуу өнөктөштүктүн келечегин талкуулады. Казак дипломаты Германиянын экономикасынын Чыгыш комитетинин 70 жылдыгын майрамдоого арналган конференциянын алкагында, канцлер Олаф Шольц менен жолугушту. Аталган уюм Германиянын чет өлкөдөгү бизнесин көрсөтөт. Чыгыш комитети Казакстан менен Германиянын кызматташтыгына да салым кошуп келет.

Эдуард Кинсбрунер, Германиянын экономикасы Чыгыш комитетинин регионалдык мүдүрү:

70 жылдык мааракебизге Казакстандын премьер-министринин орун басары, Тышкы иштер министри Мухтар Тлеубердинин келгени биз үчүн чоң сыймык. Сиздин өлкө Германиянын экономикасы үчүн Борбордук Азиядагы эң маанилүү соода өнөктөшү болуп саналат. Биз ушунча жылдан бери иштешип жаткан 29 өлкөнүн арасында Казакстан биздин өнөктөш болгонуна кубанычтабыз.

Казакстандын делегациясы Германиянын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Айта кетсек, дүйнөгө таанымал курулуш гиганты Казакстанда иштеп, ал тургай өлкөдө курулуш тармагына адистерди даярдап жатат. Концерн кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар. Катуу пайдалуу кендерди чалгындоо жана өндүрүү менен алектенген алдыңкы германиялык компания да Казакстандын рыногуна чыгууну көздөп жатат.  Германиядагы титан жарым фабрикаттарынын эң ири өндүрүүчүсү да Казакстанда бизнесин өркүндөтмөкчү. Компаниянын планында Өскемен шаарында өндүрүштүк шаарчаны ачуу да камтылган.

Алексей Рассказов, «HERMITH GMBH» ишканасынын негиздөөчүсү:

Учурда Казакстанда кампус ачуу мүмкүнчүлүгүн изилдеп жатабыз. Биз Түштүк Корея менен, өзгөчө француздук Bertin Duval компаниясы менен кызматташуусун жакшы билебиз. Бирок биз биринчи титан жарым фабрикаттарын чыгарууну гана эмес, жогорку маржалуу акыркы өнүмдү чыгарууну да сунуштай алабыз. Деген менен анын дагы бир өзгөчөлүгү бар, башкача айтканда бизде авиациялык колдонмолорго арналган татаал өнүмдөр да болот.

Мухтар Тлеубердинин иш-сапары уланууда. Жакынкы күндөрү Берлин Евразиялык клубунун 36-жыйынына катышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков