Казакстан экономикасы 2023-жылы 4%га жакшырат

Казакстан экономикасы 2023-жылы 4%га жакшырат

Казакстандын экономикасы 2023-жылы өсүү темпин улантат. Адистердин айтымында, ал болжол менен 4 пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу ранкинг.кз билдирди. Геосаясий шарттарга жана дүйнөлүк толкундоолорго карабастан, учурда өлкөнүн ИДӨнүн көрсөткүчү жаман эмес. Серепчилер 2022-жылы өлкөнүн макроэкономикалык кирешеси жакшы көрсөткүчкө жетээрин да айтышууда. Мисалы, акыркы 11 айда ата мекендик экономиканын өнүгүү темпи 2,7%га жеткен. Чет мамлекеттер менен соода алмашуу да бир кыйла өстү. Анын көлөмү 3 эсеге өсүп, 111 миллиард долларга жеткен. Ал эми экспортко келсек, бул жерде көрсөткүчтөр жогору экенин байкоого болот. Негизги капиталга инвестициялар дароо үч эсе көбөйдү. Талдоочулар экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн өсүшү салыктык бюджеттик саясаттын оң таасири менен шартталган деп эсептешет. Ошону менен бирге кайра иштетүү өнөр жайы, курулуш индустриясы, тейлөө тармактары менен 10 улуттук долбоордун ишке ашырылышы экономикага кыйыр түрдө таасирин тийгизгенин айта кетели.

Которгон: Илгиз Жамалбеков