Каржы министрлиги мамлекеттик каржынын санариптик трансформациясы тууралуу маалымат берди

Каржы министрлиги мамлекеттик каржынын санариптик трансформациясы тууралуу маалымат берди

Казакстанда мамлекеттик каржыны масштабдуу санариптештирүү уланууда. Каржы министрлиги негизги процесстер толугу менен онлайн форматка өтүп, жасалма интеллекттин жардамы менен башкарылган бирдиктүү экосистеманы түзүүдө. Интеграцияланган салыктык башкаруу системасы операцияларды иштеп чыгуу убактысын алты эсеге кыскартты, ал эми эсептерден электрондук камакка алуулар эми заматта алынып салынат. Жалпысынан Smart Data Finance платформасы бюджеттин кирешесин болжолдоп, аномалияларды аныктоо менен 74 булактан алынган маалыматтарды бириктирди. Мамлекеттик каржынын санариптик картасы региондор боюнча бизнестин активдүүлүгүн көрсөтсө, «Baqylauda» долбоору мамлекеттик колдоо чараларын онлайн режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, Keden системасы бажы процедураларын автоматташтырып, бизнестин жана мамлекеттин өз ара аракеттенүүсүн онлайнга өткөрөт. Инновациялардын арасында мамлекеттик мүлктү электрондук түрдө өткөрүп берүү үчүн «Tapsyru» порталы жана баалардын маркетплейси бар, ал бюджетке жылына 200 миллиард теңгеге чейин үнөмдөөгө жардам берет. Ар бир мамлекеттик органдын санариптик профили да түзүлдү, анда кирешелер менен чыгашалар 95% тактык менен болжолдонот.

Асет Турусов, каржы министринин вице-министри:

- Бул жерде дагы чоң маалыматтардын эсебинен жасалма интеллектти колдонууну пландап жатабыз – бул кийинки этап, бул мамлекеттик функцияларды, чыгымдардын жана сатып алуулардын натыйжалуулугун талдоо, каржы министрлигинин жалпы натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн. Өткөн жылы мамлекет башчысынын тапшырмасы боюнча мамлекеттик кирешелер комитетинин бардык маалыматтык системаларына көз карандысыз IT-аудит жүргүзүлүп, 14 маалыматтык системанын ичинен IT-аудит жаңы архитектура, микросервистик, жаңы технологиялар менен 5 маалыматтык системага өтүү зарыл деген сунуш берген жана бүгүнкү күндө 14 маалыматтык системанын ордуна 5өө гана калышы керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков