Казакстандын фармацевтика тармагы туруктуу өсүп, ата
мекендик өндүрүштүн позициясын бекемдөөдө. Бүгүнкү күндө өлкөдө 200дөн ашык
өндүрүүчү катталган жана рынокко узак мөөнөттүү келишимдер боюнча 2000ден ашык
өнүм жеткирилет. Инвестициялар да тармактын өнүгүшүнө түрткү болууда. Өлкө
боюнча 316 миллиард теңгеден ашык суммадагы долбоорлор ишке ашырылууда, анын
ичинде жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктар ишке киргизилип жатат. Жалпысынан
алганда, өткөн жылы фармацевтикалык өндүрүш 190 миллиард теңгеден ашып, оң
динамиканы көрсөттү. Өкмөттүн жана тиешелүү органдардын колдоосу менен
дары-дармектердин жеткиликтүүлүгү жакшырып жатат. Бир нече өнүмдүн баалары орто
эсеп менен дээрлик төрттөн бир бөлүгүнө төмөндөтүлдү. «Бирдиктүү терезе»
системасын жана санариптик чечимдерди киргизүү дары-дармектерди каттоону
тездетип, рынокту ачык-айкын кылууда. Бул чаралар дары-дармек коопсуздугун
чыңдоого, ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө жана медициналык кызмат
көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга багытталган. Негизги басым ата мекендик
өндүрүштү кеңейтүүгө, инвестицияларды тартууга жана туруктуу бизнес чөйрөсүн
түзүүгө жасалууда. Дал ушул максатта, тармактын өкүлдөрү белгилегендей, Өкмөт
Президенттин көрсөтмөсү боюнча ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо боюнча
комплекстүү чаралардын топтомун иштеп чыкты. Буга фармацевтикалык рынокто ата
мекендик өндүрүүчүлөрдүн үлүшүн 50% га чейин көбөйтүү кирет.
Канат Шарлапаев, «Атамекен» улуттук ишкерлер палатасынын
президиумунун төрагасы:
– Биз бул жерде
фармацевтикалык өндүрүш заводдорун курууну каалаган ири инвесторлор үчүн алдын
ала айтууга боло турган чөйрөнү түзүп жатабыз. Бул чаралар акырында
Казакстандын рыногунда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн үлүшүнүн көбөйүшүнө алып
келет. Чындыгында, бул жөн гана өнүмдүн жеткиликтүүлүгү эмес; бул көбүнчө
коопсуздук маселеси. Ошондуктан, дары-дармектерге жетүүнү камсыз кылуу үчүн биз
өз өндүрүшүбүздү өнүктүрүшүбүз керек жана учурда бул багытта олуттуу иштер
жүрүп жатат.
Марина Дурманова, Казакстан Республикасынын Фармацевтикалык ишмердүүлүктү колдоо жана өнүктүрүү ассоциациясынын президенти:
– Эмне үчүн президенттин кайрылуусунда ата мекендик өндүрүштөрдү өнүктүрүүгө басым жасалды? Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн, атап айтканда, фармацевтика, жок дегенде 50% рынокто болушун камсыз кылуу болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

