Бельгияда омикрондун жаңы түрү аныкталды

Бельгияда омикрондун жаңы түрү аныкталды

Бельгияда Omicron штаммынын жаңы версиясы аныкталды. Валлон аймагынын тургунуна БА.4 деген диагноз коюлган. Өз кезегинде илимпоздор инфекциялар дайыма мутацияга учураарын айтышат. Ал эми омикрондун жаңы версиясынын пайда болушу коронавирустун жаңы штаммынын пайда болушуна караганда жакшыраак дешет алар. Эске салсак, буга чейин BA.4 жана BA.5 версиялары Улуу Британияда, Данияда жана Түштүк Африкада аныкталган. Бирок аталган өлкөлөрдө ооруканага жаткырылгандардын же вирустан каза болгондордун саны аз болгон. Жалпысынан, Бельгиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы жумада өлкөдө орточо эсеп менен күнүнө 9 миң адам коронавирус инфекциясына чалдыгууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков