Коронавирустун жайылышы боюнча эпидемиологиялык абалды жакшыртуунун алкагында Алматыда карантиндик чаралар жеңилдетилди. Түштүк калаада сары зонанын нормалары күчүнө кирди. Эми шаарда соода жана оюн-зоок борборлору, сулуулук салондору, бассейндер, курорттор жана фитнес борборлору чектөөсүз иштей алат. Ошондой эле, аймактар аралык жана ички жүк ташууларга да уруксат берилди.
Ал эми Батыш Казакстан облусунда карантин чаралары кайрадан күчөтүлүшү мүмкүн. Бул Орусиянын чек аралаш аймактарында эпидемиологиялык абалдын кескин начарлашына байланыштуу. Облустук ыкчам штабдын жыйынында «Ashyq» тиркемесине ылайык таңкы саат 5ке чейин иштеген ресторан, кафелердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү сунушталды. Көзөмөл топтору эл көп чогулган жерлерде санитардык талаптардын сакталышын катуу көзөмөлгө алышы керек. Мындан тышкары чек арадан өтүүдө талаптарды күчөтүү каралууда. Белгилей кетсек, азыр батыш аймагы жашыл зонада жайгашкан. Деген менен акыркы суткада эле 9 адам илдетти жуктуруп алган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков