Алматыда өлкөдөгү биринчи инновациялык өзөктүк медицина борбору ачылды. Ал онкологиялык илдетке чалдыккандарга кыска убакытта так диагноз коюуга мүмкүндүк берген жогорку технологиялык аппарат менен жабдылган. Борбордогу бардык изилдөөлөр казакстандыктар үчүн бекер. Томографиялык ыкмаларды колдонуу менен бейтапка 48 сааттын ичинде диагноз коюлат. Ошондой эле, заманбап диагностиканын жардамы менен бейтап дарылоонун туура ырааттуулугун алат. Келечекте мындай комплексти Караганды, Шымкент, Орал шаарларында ачуу мерчемделип жатат.
Алишер Темиржанулы, Радиоизотоптуу диагностика бөлүмүнүн жетекчиси:
- Позитрондук-эмиссиондук томография ыкмасы учурда гибриддик аппарат болуп калды. Тагырагы, компьютердик томография менен айкалышкан аппарат. Жалпысынан алганда, бул аппарат молекулярдык жана клеткалык деңгээлде организмди изилдөөгө мүмкүндүк берет. Биринчиден, 90% учурда онкологиялык ооруларды изилдөөгө, аны аныктоого жана көрсөтүлгөн дарылоонун эффективдүүлүгүн көрсөтүүгө, дарылоо курсун өз убагында өзгөртүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков