Астанада V Борбордук Азия форуму башталды

Астанада V Борбордук Азия форуму башталды

Астанада билим берүү, мамлекеттик башкаруу, экономика жана илим тармагында жасалма интеллекттин ролу талкууланууда. Борбор калаада V Борбордук Азиянын туруктуу өнүгүү форуму өтүп жатат. Бир аптага созула турган жыйын Казакстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун өкүлчүлүгүндө өтүп, окумуштуулар менен изилдөөчүлөрдү чогултту. Алар нейрон системаларын колдонуу менен  аларды кантип натыйжалуу пайдалануу керектиги боюнча өз ойлорун ортого салышат. Серепчилердин айтымында, Жасалма интеллекттин бардык артыкчылыктарына карабастан, кээ бир кооптуу жагдайлар да бар. Андыктан форумдун катышуучулары санариптик технологияларды этикалык жана укуктук нормаларга ылайык өнүктүрүү керектигин айтышууда. Ал бүткүл аймактын тургундарынын коопсуздугун жана тынч өмүр сүрүүсүн камсыз кылат. Белгилей кетсек, форум Улуу Британиядагы Казакстандын PhD-бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы, ЮНЕСКОнун аймактык кеңсеси жана Илим фонду тарабынан уюштурулууда.

Иван Трусов, Улуу Британиядагы Казакстандын PhD-бүтүрүүчүлөр Ассоциациясынын президенти:

- Учурда технологиялык өнүгүү жана жасалма интеллектти пайдаланууга киргизүү темаларында көптөгөн форумдар жана жолугушуулар өткөрүлүүдө. Анын кандай артыкчылыктары бар, кандай инфраструктура керек деген суроолорго жооп издеп жатышат. Бирок анын кесепети кандай болушу мүмкүн деген суроого эч ким жооп издебейт. Бул биздин жашообузга кандай таасир этет? Биз эмне кыла алабыз? Саясий, социалдык жана экономикалык климатка кандай таасир этет? Мына ушул суроолор жоопсуз калгандыктан, биз жооп издеп көрүүнү чечтик.

Максат Байбеков, Алматы шаарындагы ЮНЕСКО аймактык кеңешинин социалдык-гуманитардык илим секторунун жетекчиси:

- ЮНЕСКО – Бириккен Улуттар Уюмунун илим, билим жана маданият боюнча уюму. Эми ал «Жасалма интеллекттин этикалык аспектилери боюнча көрсөтмөлөр» деп аталган глобалдык документти жарыялады. Бул алкакта биз бардык өкмөттөр, мамлекеттер жана ЮНЕСКОнун мүчөлөрү менен тыгыз кызматташып жатабыз. Ошол эле учурда, биз көп жылдан бери иштеп келе жаткан кесиптештерибиз – Улуу Британиядагы Казакстандын phd-бүтүрүүчүлөрүнүн Ассоциациясы жана Илим фонду менен биргеликте иш алып барарыбызга кубанычтабыз. Биз Казакстанда жасалма интеллектти колдонуу боюнча кеңештерибиз менен жардам бергибиз келет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков