Казакстандын 430 аскер кызматкери БУУнун тынчтык орнотуу миссияларына жөнөтүлөт. Жоокерлер Борбордук Африка өлкөлөрүндө, Конгодо жана Малиде, ошондой эле Ливандагы убактылуу күчтөрдө турукташтыруу миссияларына катышат. Бул тууралуу Коргоо министри Руслан Жакшылыков парламенттин эки палатасынын биргелешкен жыйынында мамлекет башчынын сунушун окуу учурунда билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу контингентин БУУнун миссияларына жөнөтүү сунушун парламентке киргизген.
Руслан Жаксылыков, Казакстандын коргоо министри:
- 2014-жылдан бери 45 офицер Батыш Сахарадагы, Кот-д'Ивуардагы, Ливандагы миссияга аскердик байкоочулар жана штабдын офицерлери катары, ал эми 2018-жылдан бери – 520 аскер кызматчысы Ливандагы убактылуу күчтөрдүн миссиясына тынчтыкты сактоо бөлүмүнүн курамында катышты. Учурда Батыш Сахарада 6, Ливандагы убактылуу күчтөрдө 9 аскер кызматкери жүрөт. Уюмдун жетекчилиги биздин аскер кызматкерлеринин даярдык деңгээлин жогору баалап, тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн санын көбөйтүүгө колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Ошондой эле, министр чет өлкөгө тынчтык орнотуучу катары жөнөтүлө турган аскер кызматкерлерине мамлекеттик кандай колдоо көрсөтүлөт деген депутаттын суроосуна жооп берди.
Руслан Жаксылыков, Казакстандын коргоо министри:
- Мыйзамга ылайык, катышуу учурундагы маянанын 3 эселенген өлчөмү, кайтып келгенде мамлекеттин эсебинен дарылануу, ар жылдык өргүүсүнө эки жумалык кошумча өргүү, катышуу учурунда жеңилдетилген шарттары менен 1 ай 1 жарым ай болуп эсептелет.
Биргелешкен палатанын жыйынында депутаттар президенттин сунушун кабыл алышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков