Бабалар изи менен экспедициясы Казакстанды кыдырууда

Бабалар изи менен экспедициясы Казакстанды кыдырууда

«Бабалар изи менен» экспедициясы Казакстандын аймактарын кыдырууда. Бүгүнкү күндө топтун мүчөлөрү Баянаул районунун Эскелди калктуу-конушуна келишти. Саякатчы Сапар Искаков баштаган илимпоздор жана саякатчылар улуу ойчул жана олуялык касиети бар Машхур Жусуптун күмбөзүнө барды.

Сапар Ыскаков, «Бабалар изи менен» экспедициясынын жетекчиси:

- Бул Казакстандагы ыйык жерлердин бири деп эсептейм. Кезинде казактын акындары менен окумуштуулары аны пайгамбарга теңеген. Бул жөн жерден эмес. Бул киши учурунда казактын дээрлик унутулуп бара жаткан фольклорун чогулткан адам. Анын баарын кагазга түшүрүп, бизге жеткизди. Ал кишинин эмгеги абдан зор деп айтууга болот.

Күмбөздө мусулман стилиндеги эки бөлмө бар. Бөлмөнүн эшигинде Куран аяттары жазылган. Алтын жалатылган мазардын кире бериш эшиктеринин өзү - көркөм чыгарма. Ал эми комплекстин аймагында туристтер үчүн мейманкана жана музей жайгашкан. Музейдин башчысы - Машхур Жусуп Көпейулынын чөбөрөсү Асет Пазылов.

Асет Пазылов, Машхүр Жүсип Көпейулынын чөбөрөсү:

- Бул киши жүргөн жеринде динди жана илимди жайылтып, элин эмгектенүүгө чакырган. Анткени ал олуя болгондон кийин ачарчылык болорун алдын ала айткан. Казакты эгин жана картошка эгүүгө чакырган.

Экспедиция коңшу Чыгыш Казакстан облусундагы Кундызды айылына барды. Бул жерде баатыр жана акын Актамберди Сарыулынун сөөгү коюлган. Тарыхчылардын айтымында, Жырау урпактары койгон белги таш астында казак аскеринин эмес, жеңилген жунгар жоокерлеринин да сөөктөрү болушу мүмкүн.

Ерканат Төлендиев, Кундызды айылындагы маданият үйүнүн жетекчиси:

- Күлдір де күлдір кісінетіп, күреңді мінер ме екенбіз. Күдеріден бау тағып, ақ кiреуке киер ме екенбiз! Жағасы алтын, жеңi жез, шығыршығы торғай көз. Сауыт киер ме екенбiз! Ор қояндай жүгiнтiп, аш күзендей бүгiлтiп, жолбарыстай шұбарды, таңдап бір мiнер ме екенбiз! Қаратауда 1675 жылы дүниеге келген. 12-де білекке қылыш ілдім деп айтқанына қарағанда жауға ерте араласқан.

«Бабалар изи менен» экспедициясынын ыйык жерлерге сапары муну менен эле токтоп калбайт. Илимпоздор бул сапар өлкөнүн тарыхы тууралуу баалуу маалыматтарга бай болоруна ишенишет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков