Казак оюу-чиймесинин этнографиялык атласы

Казак оюу-чиймесинин этнографиялык атласы

Улуттук оймо-чиймелердин символдору жана маанилери. Мындай маалымат сүрөтчү Ералы Оспановдун «Казак оюмдарынын этнографиялык атласы» жыйнагында берилген. Анда оюм-чийимдин 600гө жакын нускасы жана миңден ашык аталыштары камтылган. Кылкалем чебери аларды 10 жылдан ашык убакыттан бери чогултуп, маанисин ачып келет. Ал тургай оюм-чийим издеп Кытай, Монголия, Орусияга чейин барган. Ошондой эле кыргыз, өзбек, каракалпак, ногой бир туугандардын оймо-чиймелерин электен өткөргөн. Ералы Оспанов өз китебинде сөз айкаштарын тотемдик маанисине карай топтоштурду.

Ералы Оспанулы, сүрөтчү:

- Алашада эргенек деген чийме бар. Эргенек деген дарак үйдүн кире беришиндеги тепкич сыяктуу даракты жасап койот. Мал кирбесин, ит кирбесин деп. Оймо-чийменин өзүн карасаң, жомоктогудай көрүнбөйт. Бул кийиз үйдүн эшигин жаап турган эргенек. Алашадагы оймо-чийме айылды чагылдырып турат. Дегеле бизде бул оюм-чиймеге терең берилген адам болбогон экен. Муну кол өнөрчүлүктүн бир тармагы катары кыскача айтып келет. Эски аталыштары өзгөрүп кеткен. Геометрия деген предмет бар. Тегерек, төрт бурчтук, үч бурчтук. Алардын эски аттары чарчы оюм, табак оюм, үч бурчтук оюм деген сыяктуу.

Серепчи Эрлан Кожабаев да сүрөтчүнүн пикирине толук кошулат. Анын айтымында, улуттук орнаменттердин ачыла элек сырлары көп. Аларда гендердик айырмачылыктар да болгон. Мисалы, кыздарга гүл же карлыгач, ал эми балдардын кийими найзанын учтары, бүркүт, кочкор мүйүздөр менен кооздолгон. Ошондой эле, тыюу салынган белгилер да болгон, аларды эч качан кийимдерге чагылдырган эмес. «Ошондуктан бул тармактын өкүлдөрү, кийим дизайнерлери оюм-чийимдин маанисин түшүндүрүү боюнча курстан өтүшү керек» - деп эсептейт серепчи.

Ерлан Кожабаев, сүрөтчү-серепчи:

- Илгери казактар кээ бир оймо-чиймелерди ийиндерине, кээ бирлерин кайышка чегерип алышчу. Алар кандай жасалга мырзага жана айымдарга болуп бөлүнөрүн билишкен. Муну азыр көбү түшүнбөйт жана чаташтырышат. Ошентип, эркектердин кийимдерине төрөттүн символу болгон аял оюму тигилет. Ошентип, эркектердин кийимдерине тукум улоочулуктун символу болгон аял оюмдары тигилген.

Оймо-чийме атласына макал-лакаптар, табышмактар да кирди. Буга кошумча, Ералы Оспановдун дагы бир эмгеги толугу менен этнографияга арналган. Анда казак элинин турмушун, жаратылышын, руханий маданиятын, дүйнө таанымын даңазалаган улуттук буюмдар тууралуу айтылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков