Январь окуясы, саясий реформалар жана «Жаңы Казакстан». Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алдында «Россия 24» телеканалына берген маегинде мына ушул маселелерге токтолду. Сүйлөшүүнүн башында ал өлкө жетекчилигинин үч жылдагы жыйынтыгын чыгарып, бул аралыкта элдин колдоосуна таянганын белгиледи. Ал кулжа айынын 5деги референдум өзү баштаган саясий реформалардын маанилүү уландысы экенин айтты. Казакстандыктар супер –президенттик башкаруудан күчтүү парламенти бар президенттик башкаруу системасын колдой турганын билдиришти - деди Токаев.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Коом жаңыланууну каалап жатат. Инновацияга даяр. Ошондуктан биз башкаруу системасын өзгөртүүнү чечтик. Эми таасирдүү парламенти, мамлекетке отчет берген өкмөтү бар президенттик республика болобуз. Мен бул формуланы президентикке келе электе өкмөткө сунуштагам. Эми аны аткарууга убакыт келди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков