Эл аралык менеджментти өнүктүрүү институту жалпысынан 64 өлкөгө баа берген. Бул рейтингде Казакстан 37-орунга чыкты. Тизмеде республика Кувейттен, Португалиядан жана Индиядан озуп кетти. Лидерлерге келсек, Дания рейтингде биринчи орунда турат. Алдыңкы беш өлкөлөргө Ирландия, Швейцария, Сингапур жана Нидерландия кирди. Жалпы атаандаштык рейтингинде төмөнкү факторлор бааланат: “Экономикалык кызмат”, “Өкмөт менен Ишкердиктин натыйжалуулугу” жана “Инфраструктура”. Казакстан бул көрсөткүчтөрдүн бардыгы боюнча позициясын 2ден 15 пунктка чейин жакшыртты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков