Каспий жана Арал бассейндеринин экосистемасын сактоо, аймактагы суу ташкындарынын кесепеттерин болушунча азайтуу. Бул көйгөйлөрдү чечүү максатында Казакстанда атайын эл аралык фонд түзүлдү. Анын негиздөөчүсү Жанболат Надыровдун айтымында, уюмдун милдеттери мамлекет башчысынын суу маселесине өзгөчө көңүл буруу чакырыгына шайкеш келет. Муну менен катар, Бакуда өткөн СПЕКА форумунда Касым-Жомарт Токаев өлкөлөрдү климаттын өзгөрүшүн, экологиялык маселелерди биргелешип чечүү жана трансчегаралык суу ресурстарын эффективдүү башкаруу үчүн биригүүнү сунуштаган. Жыйында мамлекет башчысы пайда болгон орчундуу маселелерди өз ара биримдик менен гана чечүүгө болорун белгилеген. Касым-Жомарт Токаев мисал катары Арал трагедиясын келтирди. Чынында эле, бүгүнкү күндө бул суу сактагычтын кургап кетүүсүнүн кесепеттери региондун өлкөлөрүндө гана эмес, анын чегинен тышкары жерлерде да сезилип жатат. Фонд өз кезегинде суу көйгөйү менен күрөштү чакан изилдөө жана инженердик долбоорлордон баштоо керектигин айтат. Алардын бири - Есиль жана Иртыш дарыяларын өздөштүрүү. Эл аралык уюмдун демилгеси менен өткөн жылдын күз айларында Казакстандын суу чарбачылыгы илимий-изилдөө институту менен биргеликте бул багытта ири илимий-изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Жанболат Надыров,
Каспий-Арал бассейни эко системасын калыбына келтирүү жана суу ташкынын
башкаруу эл аралык фондунун негиздөөчүсү:
- Биз үчүн Есиль
дарыясынын төмөнкү агымын өздөштүрүү абдан маанилүү. Көптөн бери келе жаткан
экологиялык көйгөйлөрдү чечүү зарыл. Бул мурдагы Торгай аймагынын территорияларын
өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Ага азыркы Костанай облусунун түштүк бөлүгү, Актөбе
облусунун түштүк бөлүгү, Улытау облусунун батыш бөлүгү жана Кызылорда облусу
кирет. Келечекте Шалкар Теңиз дарыясы толгондон кийин суу андан ары Аралга агат.
Ал жерде эски дарыянын нугу бар. Биз жүргүзгөн комплекстүү экспедицияда мунун
баарын карап, текшерип чыктык. Бул глобалдык маселени чечүүнүн алгачкы
кадамдарынын бири гана.
Которгон: Илгиз Жамалбеков