Казакстанда ири тоо-кен металлургия комбинатын ишке кошуу көздөлүп жатат

Казакстанда ири тоо-кен металлургия комбинатын ишке кошуу көздөлүп жатат

 Өлкөнүн түштүгүндө жылына 5 миллион тоннага жакын алтын рудасын өндүрүү жана кайра иштетүү мерчемделип жатат. Жамбыл облусунда ири тоо-кен металлургиялык комбинатын куруу пландаштырылууда. Долбоор 2026-2029-жылдар аралыгында үч этап менен ишке ашырылат. Өлкө өкмөтүндө жаңы өндүрүш борборун куруу маселеси талкууланды. Премьер-министр Алихан Смаилов менен «Monterra Group» өкүлү Иоганн Штоль анын техникалык документтерин иштеп чыгуу, инфраструктураны тартуу, жергиликтүү тургундар арасында жаш адистерди окутуу жана жаратылышты коргоо боюнча чараларды көрүү маселелерин иштеп чыгышты. Долбоорго 832 миллиард теңге түз чет элдик инвестиция тартылат. Планга ылайык, заманбап европалык кайра иштетүү технологияларын колдонгон тоо-металлургия өнөр жайы өлкөнүн экономикасынын көптөгөн тармактарын өнүктүрүүгө мультипликативдик эффект берери күтүлүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков