Е. Тогжанов вакцинациялоо жана ревакцинациялоо темпин күчөтүүнү тапшырды

Е. Тогжанов вакцинациялоо жана ревакцинациялоо темпин күчөтүүнү тапшырды

Өлкөнүн мектептери билим берүүнүн салттуу форматына кайтып келе алат. Өзгөртүүлөр жалпы билим берүүчү мектептердин 1-4чү жана эл аралык мектептердин 5-6-класстарынын окуучуларына таасир этиши мүмкүн. Коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сунуштары сайтында жарыяланды. Ага жараша мектептен тышкаркы уюмдарда жекече жана топтук сабактарды өткөрүүгө болот. Негизги талап класста болгону 15 бала болушу керек. Ошондой эле, өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар үчүн класстарга да уруксат берилет. Колледждер жана ЖОЖдор жумушун аралаш форматта жүргүзөт, башкача айтканда практикалык сабактар адаттагыдай эле, ал эми лекциялар онлайн режиминде өткөрүлөт. Вице-премьер-министр Ералы Тогжанов коронавируска каршы эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатууну тапшырды. Комиссия өзгөчө учурларда жаңы дарылоо препараттарын колдонууга макулдук берди.

Которгон: Илгиз Жамалбеков