Улуу агартуучу жөнүндө жаңы китеп жарыкка чыкты

Улуу агартуучу жөнүндө жаңы китеп жарыкка чыкты

Казактын улуу агартуучусу Ыбырай Алтынсарин тууралуу жаңы тарыхый маалыматтар. Костанайда эл агартуунун туңгуч мугалими жөнүндөгү «Талаанын таза булагы» аттуу китептин бет ачары болду. Жыйнак этнограф-окумуштуунун туулган күнүнө карата чыгарылган. Эмгекте архивдик жана экспедициялык изилдөөлөрдүн натыйжасында ачылган жаңы маалыматтар жарыяланган.

Ыбырай Алтынсариндин агартуучулук ишмердүүлүгү тууралуу жергиликтүү тарыхчылар бир нече айдан бери жаңы маалыматтарды чогултуп келишет. Китеп беш миң нускада казак жана орус тилдеринде басылып, окурмандардын колуна тийген.

Салтанат Өтелбаева, «Талаанын таза булагы» китебинин авторлорунун бири:

Мына, буга чейин эч жерде жарыяланбаган маалымат, бул китепти жазуу учурунда Балкожа бийдин сүрөтүн таптык. Сүрөттү бул китепке киргизип отурабыз. Ошондой эле Балкожа бийдин баласына айткан акылы, «үмүт эткен көзүмдүн нуру балам» деген ыры бар болчу. Бул жерде башка көлөмдүү чыгармасы берилип жатат.

Ыбырай Алтынсарин Ыргыз, Николаев, Торгай, Илецкийде мектеп ачкандыгы белгилүү. Бирок Троицк шаарындагы окуу жайдын жана медресенин жатаканасынын курулушуна Орусия каржылык колдоо көрсөткөнүн айрымдар билсе, кээ бирлер билбейт.

Венера Шакенова, Троицк өлкө таануу музейинин кызматкери: Орусия

Америкалык окумуштуу Хамид Эльгардын макаласында: «1886-жылы казак соодагери Алтынсарин шакирт тарбиялоого арналган окуу имараттарын жана жатакана, Расулия медресесин салууга акча бөлүп берген. Китепкананын фондун толуктап, мектептерди өнүктүрүүгө каражат чогулткан. Ал да жыйнаганын салды, – деп айтылат.

Алтынсарин жөнүндөгү жаңы басылма бардык курактагы окурмандарга жеткиликтүү. Мындан тышкары, QR-коддун жардамы менен каалагандар видео жана аудио жазмалар менен тааныша алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков