«MADE IN PHARMA KZ» долбоору ишке кошулду

«MADE IN PHARMA KZ» долбоору ишке кошулду

Бул үчүн «MADE IN PHARMA KZ» долбоору ишке кирди. Анын айланасына өлкөнүн тармактык бирикмелери чогулуп, биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Белгилей кетсек, ата мекендик фармацевтика тармагында натыйжалуулугу, коопсуздугу жана өнүмдүн сапаты эл аралык талаптар менен тастыкталган 30дан ашык ишканалар иштейт. Бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр менен 4500дөн ашык дары-дармектерди жеткирүү боюнча 100 узак мөөнөттүү келишимдер түзүлдү. Мындан тышкары, BIGPHARMA өлкөнүн рыногуна тартылып, бир катар дүйнөлүк тажрыйбалар ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. Мунун баары ички суроо-талапты ата мекендик өнүмдөр менен толуктоо, ошондой эле тышкы рынокту багындыруунун аракети.

Руслан Нурмуханов, медициналык өнүмдөр жана ата мекендик өндүрүшчүлөр бирикмесинин башкарма төрагасы:

- Бүгүнкү күндө биз медициналык клиникалар жана медициналык борборлор ата мекендик өндүрүшчүлөрдүн оригиналдуу өнүмдөрү менен толук жабдылышы мүмкүн деп эсептейбиз. Башкача айтканда, медициналык эмеректерден тартып, кандагы глюкозаны өлчөөчү электрокардиограф, липидометр сыяктуу биринчи кезекте керек болгон сапаттуу шаймандарга чейин. Келечекте бул долбоорлордун алкагында коомчулуктун мүчөлөрүнүн өнүмдөрүн иштеп чыгып, аларды үзгүлтүксүз жеткирүү менен камсыздоону пландап жатабыз.

Ерхат Ескалиев,  «СК-ФАРМАЦИЯ» ЖЧК башкарма төрагасы:

- Казакстанда өндүрүлгөн дарылар коңшу өлкөлөргө да экспорттолот. Ири компаниялар коңшу мамлекеттердин баарында бирдей өндүрүштү өндүрөт деп ойлобойм. Алар Казакстанды тандашты. Биз аларды ошого жараша шарт түзүп, мыкты тажрыйба менен камсыз кылышыбыз керек. Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү ушул үчүн даярдайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков