Алматы облусунун Саты айылы быйыл дүйнөдөгү эң мыкты туристтик конуш деп табылды. Эл аралык туристтик уюм мындай макамды "Көлсай көлдөрү" улуттук паркында жайгашкан аймакка ыйгарды. Жалпысынан иш-чара 2021-жылдан бери ишке ашырылып келе жатат. Демилге калктуу-конуштарда жана айылдарда туризмди өнүктүрүү, ошондой эле алардын жыргалчылыгынын кыймылдаткыч күчүнө айландыруу максатын көздөйт.
Ернур Кенжебеков, «Kazakh tourism»
басма сөз катчысы:
- Бүгүнкү күндө Саты туристтер
бара ала турган коттедждердин саны боюнча лидер болуп саналат. Бул жергиликтүү
элдин кийлигишүүсүнүн аркасында мүмкүн болду. 5 жылдын ичинде мында ыңгайлуу багыттар,
жөө жүрүүчү жолдор түзүлдү. Саты айылынын тажрыйбасын Казакстандын бүткүл
аймагына жайылтуу максатында ата мекендик туристтик операторлор менен башка
аймактардагы чакан мейманканалардын ээлеринин ортосунда маалыматтык турлар
өткөрүлүүдө. Мындан тышкары тренингдер, семинарлар да уюштурулат. 2023-жылдын
маалыматы боюнча Сатыда 90 чакан жана 30 чоң мейманкана бар. 2019-жылга
салыштырмалуу бул көрсөткүч эки эсеге өскөн.
Белгилей кетсек, бул эл аралык деңгээлдеги биринчи сыйлык эмес. 2020-жылы Саты айылы «Lonely Planet» эл аралык нускама басылмасында эң мыкты туристтик жер деп табылган.
Которгон: Илгиз Жамалбеков