Борбор калаада музыканын атасы Мукан Төлебаевдин 110 жылдык мааракесине карата концерт өттү. «Улуу Муканга мураскерлерден таазим» аттуу кечеде «Астана Опера» солисттери, хору жана симфониялык оркестри улуттук композиторлор мектебинин классикалык чыгармаларын, таланттуу заманбап авторлордун эч жерде аткарыла элек чыгармаларын аткарышты. Концерттин алкагында Мукан Төлебаевдин «Козу Көрпеш – Баян сулуу» операсынан үзүндүлөр, ошондой эле, жазуучунун «Күт мени, күт», «Саймалуу жоолук» аттуу белгилүү романстары сунушталды. Мындан тышкары, Ахмет Жубанов менен Латиф Хамидинин ушул эле аталыштагы операсынан Абайдын ариясы, Абзал Мухитдиндин «Аль-Фараби» операсынан «Гүлдөр бийи» ырдалды. Белгилей кетсек, ата мекендик музыка күйөрмандары кечеде эки дүйнөлүк премьерага күбө болушту. Аларга биринчи жолу Алиби Абдинуровдун атайын жазган оркестри менен скрипкага арналган концерти жана Серикжан Абдинуровдун «Фараб-Отырар» вокалдык-симфониялык дастаны тааныштырылды.
Серикжан
Абдинуров, Композиторлор биримдигинин төрагасы:
- Бул иш-чара
Мукан Төлебаев жылына арналган жыйынтыктоочу концерт. Келерки жылы Казакстан
композиторлор бирикмесинин 85 жылдыгы болот. Ошого байланыштуу концертке улуу
муун, орто муундардан, жаш композиторлордун чыгармаларын коштук. Анткени
көрүүчүлөр Казакстан композиторлор биримдигинин өсүп-өнүгүү жолун көрсүн деген
максат болду.
Которгон: Илгиз Жамалбеков