К. Токаев «Төлө би күмбөзү» архитектуралык комплексине барды

К. Токаев «Төлө би күмбөзү» архитектуралык комплексине барды

Президент Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанда мамлекеттик иш-сапары менен жүрөт. Ташкентте эки өлкөнүн лидерлеринин расмий жолугушуусу болду.  Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Өлкө башчылары эки тараптуу стратегиялык кызматташтыктын негизги маселелерин талкуулашты. Казакстан менен Өзбекстан Борбор Азиядагы эң ири соода өнөктөштөр. 2022-жылдын аягында өз ара сооданын көлөмү 35%га өсүп, 5 миллиард долларга жакындады. Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчысы Ташкенттеги «Төлө би күмбөзү» архитектуралык комплексине барган. Казак элинин чыгаан уулу коюлган имарат 15-кылымдын биринчи жарымында курулган. Архитектуралык комплекс Өзбекстандын борборунун көрүнүктүү жерлеринин бири болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков