Акыркы 5 жылда алгачкы жолу Аралга суу жиберүү планы 100%га жакын аткарылды

Акыркы 5 жылда алгачкы жолу Аралга суу жиберүү планы 100%га жакын аткарылды

Аралга суу жеткирүү планы дээрлик 100% аткарылды. Жалпысынан 977 миллион кубометр суу жиберилди. Бул акыркы 5 жылда биринчи жолу болду. Буга чейин деңизге 350-400 миллион кубометр суу келген, жылдын аягына чейин дагы 500 миллион кубометр суу жиберүү мерчемделген.  Учурда Түндүк Арал деңизиндеги суунун көлөмү 22 миллиард куб метрге жетти.


Зейнолла Казтоганов, Арал-Сырдарыя бассейндик инспекциясы башчысынын орун басары:


- Арал деңизине жай мезгилинде секундасына 7-10 куб метр келген. Ал эми быйыл вегетация мезгилинде секундасына 60-70 куб метр суу туруктуу кирип турду. Суунун көлөмү 10-11 эсе көп.


Мындан тышкары, Акшатау-Соргак жана Камыстыбас көлдөрүнүн системасына 45 млн куб метр суу жиберилди. Өз кезегинде бул балык чарбасын жана туризмди өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет. Мисалы, акыркы жылдары Арал деңизинин минералдашуусу азайып, балыктардын көбөйүшүнө оң таасирин тийгизди. Муну менен катар суу ресурстары жана ирригация министрлиги Дүйнөлүк банк менен биргеликте Түндүк Арал деңизин сактоо боюнча долбоордун экинчи этабын даярдоодо. Ал Түндүк аралдын туруктуу суу менен камсыздоосунан тартып, экономикалык жана социалдык долбоорлорду өнүктүрүүгө чейин ар кандай тармактарды камтыйт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков