Касым-Жомарт
Токаев бүгүн Акордада казак спортчуларын сыйлыктары менен куттуктады. Алардын
арасында эркин күрөш боюнча казакстандык алгачкы дүйнө чемпиону аталган Ризабек
Айтмухан жана 19-Жайкы Азия оюндарынын спортчулары бар. Казакстандык спортчулар
бутага атуу, кайыкта сүзүү, велоспорт жана жиу-житсу боюнча мыкты ийгиликтерге
жетишти. Мамлекет башчысы каратэ боюнча жалпы командалык эсепте 1-орунду
ээлеген Казакстан курама командасын өзгөчө белгилеп, Азия оюндарына спорттун
бул түрү боюнча катышкан ар бир спортчу көңүл чордонунда болгонуна токтолду. Анткен
менен президент өлкөнүн жалпы көрсөткүчтөрү мындан да жакшыраак болушу мүмкүндүгүн,
каталарды оңдоого мезгил жеткенин кошумчалады.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:
- Спорт тармагы ар
дайым мамлекеттин көңүл борборунда. Биздин спортчуларга ар тараптан колдоо
көрсөтүлүп жатат. Жыл сайын спортту өнүктүрүүгө көп каражат бөлүнөт. Бирок анын
кесипкөй спорттогу көрсөткүчтөрү көңүл жылытарлык жогору эмес. Ачыгын айтышыбыз
керек, мамлекеттен бөлүнгөн каражаттар натыйжалуу жумшалбай жатат. Мындай
абалга жол берүүгө болбойт. Спорт тармагы толук өзгөрүүлөргө, башкача айтканда
реформага муктаж. Тиешелүү министрлик бул маселени комплекстүү карап, спортту
өнүктүрүүнүн таптакыр жаңы жолдорун сунушташы керек. Ошону менен бирге түрдүү
тармактарда конкреттүү жана кечиктирилгис чараларды кабыл алуу зарыл.
Биринчи кезекте, Касым-Жомарт Токаев бөлүнгөн каражаттардын кайтарымын түп-тамырынан бери жогорулатуу, ошондой эле спорттун конкреттүү түрлөрүнө көңүл буруу жана заманбап инфраструктураны түзүү менен катар улуттук курама командалардын даярдык деңгээлин жогорулатуу зарыл экенин белгидеи. Мамлекет башчы резервдеги спортчуларды даярдоо маселесине өзгөчө токтолуп, Өкмөт жана акимдер таланттуу, келечектүү спортчуларга ыңгайлуу шарттарды түзүп бериши керектигин айтты. Сөзүнүн аягында президент буга чейинки мелдештердеги кемчиликтерден сабак алып, алдыдагы Париж олимпиадасына кылдат даярдык көрүүгө чакырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков