Тутумга ички рынокто суроо-талапка ээ болгон 400 кесип боюнча толук маалымат жүктөлгөн. Тизме зарылчылыкка жараша жаңыртылып турат. Бул өлкөдө иш менен камсыз кылуу багытында онлайн супермаркет түзүү жолунда дагы бир этап болот. Жалпысынан Skills Enbek окутуу платформасы бирдиктүү санариптик экосистеманын алкагында иштейт. 160 курстун 100дөн ашыгы акысыз. Ал эми «Business Enbek» платформасы аркылуу быйыл өз бизнесин ачкысы келгендерге 20 миң грант берүү пландалууда. Ошондой эле мамлекеттик кызматтарды аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Enbek.kz бирдиктүү санариптик платформада 200дөн ашык ишке орноштуруу борборлору, 44 жеке ишке орноштуруу агенттиги жана 5 онлайн жумуш орундары топтолгон. Башкача айтканда, жумуш берүүчү менен жумуш издеген адам эмгек рыногуна тиешелүү бардык кызматтарды бир жерден аралыктан ала алышат. Ал тургай чет өлкөдө иштөөнү чечкендер да камкордукка алынат.
Александра Молчановская, Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборунун башкаруучу мүдүрү:
- Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө “Чек арасыз иш” долбоору ишке кирди. Башкача айтканда, аталган биримдикке кирген Армения, Беларусь, Кыргызстан жана Орусиянын маалымат системаларын бириктирген бирдиктүү издөө тутуму бул багытта иштеп жатат. Ошондой эле, аталган өлкөлөрдөн келген жумуш издөөчүлөр жана жумуш берүүчүлөр Казакстандан керектүү нерселерди таба алышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков