Конституциялык комиссия түзөтүүлөр долбоорун талкуулады

Конституциялык комиссия түзөтүүлөр долбоорун талкуулады

Баш мыйзамдын 77 беренесине оңдоолор киргизилиши мүмкүн. Бул Конституция текстинин 84% түзөт. Ыйгарым укуктуу комиссиянын төртүнчү жыйынында Баш мыйзамга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн жыйынтык долбоору тааныштырылды. Жаңыланган долбоордо Преамбула, 11 бөлүм жана 104 берене бар. «Элдик кеңеш» жана «Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү» аттуу эки жаңы бөлүм кошулат. Дагы 4 бөлүмдүн аталышы өзгөрөт. Конституциянын преамбуласынын редакциясы толугу менен жаңыланат. Конституциянын адамдын жеке башына кол тийбестик, адамдын негизги укуктарын коргоо жана сот бийлигинин көз карандысыздыгына тиешелүү нормаларды күчөтүү көздөлүп жатат.


Бакыт Нурмуханов, Конституциялык соттун төрагасынын орун басары, Конституциялык комиссиянын мүчөсү:


- Конституция бөлүмдөрүнүн аталыштарын өзгөртүү же беренелердин мазмунун тактоо жөн гана редакциялык түзөтүү эмес. Бул концептуалдык позицияларды өзгөртүүчү, укуктук тактыкты күчөтүүчү жана негизги мыйзамдын сапатын арттыра турган маанилүү жана терең ойлонулган кадам. Натыйжада өзгөрүлмө турмушта түрлөнүп жаткан коомдук мамилелерге ылайык келген укуктук ченемдер белгиленет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков