Чет жакта такшалмадан өтүүгө арыздарды кабыл алуу башталды

Чет жакта такшалмадан өтүүгө арыздарды кабыл алуу башталды

Казакстандык окумуштуулар чет өлкөлөрдө илимий такшалмадан өтө алышат. Өлкөдө сынактык тандоого катышуу үчүн арыздарды кабыл алуу башталды. Ал 2023-жылдын жалган куран айынын 15не чейин уланат. Илимий такшалмадан өтүү үчүн сынакка чет өлкөлүк уюмдан чакыруу алган жана илимий жыйынтыктары, улуттук жана эл аралык илимий басылмаларда жана маалымат базаларында индексацияланган макалалары бар абитуриенттер катыша алат. Бул тууралуу Илим жана жогорку билим берүү министрлиги билдирди. Тиешелүү бөлүм инженердик, табигый илимдер, коомдук-гуманитардык илимдер, ошондой эле маалымат-коммуникациялык технологиялар, медицина, искусство, билим берүү, агро өнөр жай комплекси, улуттук коопсуздук жана коргонуу тармактарына артыкчылык берилерин кабарлады. Белгилей кетсек, жыл сайын 500 ата мекендик илимпоз мамлекеттин эсебинен илимий окуудан өтүп, дүйнөнүн алдыңкы лабораторияларында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков