К. Токаев адам укуктарын коргоо тутумунун өкүлдөрү менен жолугушту

К. Токаев адам укуктарын коргоо тутумунун өкүлдөрү менен жолугушту

Сот адилеттиги, мыйзамдуулук жана казакстандыктардын укуктарын коргоо. Бул маанилүү түшүнүктөрдүн артында чыныгы жетишкендиктер жатат. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын башкы документи – Конституциянын алдында өлкөдө жүргүзүлгөн комплекстүү конституциялык реформалардын жыйынтыктарына токтолду. Президент акыйкатчы жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Жаңы түзүлгөн Конституциялык сот алгачкы 7 ай ичинде 43 ишти карап, анын жарымы боюнча тиешелүү чечимдерди чыгарган. Башкача айтканда, эми өлкөнүн жарандары түздөн-түз Конституциялык сотко кайрыла алышат. Мамлекет башчысы буга чейин мындай укукка мамлекеттик мекемелер гана ээ болгонун баса белгиледи. Жарандар менен акыйкатчылардын мамилеси жандана түшкөн. Өтүнмөлөрдүн саны дароо эки эсеге өстү. Муну менен эле чектелип калууга болбойт. Буга байланыштуу президент адам укуктарын коргоо системасынын өкүлдөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын президенти:

-Мамлекеттик чечимдерди иштеп чыгууга катышуу үчүн алардын дараметин жогорулатуу маанилүү. Мындан тышкары, Өкмөт менен акимдерди бардык кеңешчи органдын ишине катыштыруу керек. Өкүлдөрдүн негизги милдети – жарандардын кызыкчылыктарын жана укуктарын туруктуулук менен коргоо жана өнүктүрүү. Балдардын укуктарын коргоонун улуттук системасы өспүрүмдөргө жана үй-бүлөлөргө коркунучтарды жоюуга натыйжалуу көмөк көрсөтүүгө тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков