Испаниянын жээк күзөтү 50гө жакын мигрантты куткарып калды. Кайыктагы бозгундар Гран Канария аралынын жээгинен табылган. Азыркы учурда алар Аргинегин портуна жеткирилип, текшерүүдөн өтүп жатат. Өткөн жылы 22 миңден ашуун мигрант Испанияга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган. Негизинен алар Африка өлкөлөрүнүн жарандары. Walking Borders укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча, 2021-жылы төрт жарым миңдей качкын, анын ичинде ондогон балдар деңизге чөгүп кеткен.
Которгон: Илгиз Жамалбеков