Казакстанда ЖМК кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө

Казакстанда ЖМК кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө

Бүгүн казакстандык журналисттер кесиптик майрамын - Массалык маалымат каражаттары кызматкерлеринин күнүн белгилешүүдө. Салтка ылайык, мекеме башчысы кесип ээлерин куттуктап, өлкөнүн медиа тармагынын мыктыларын сыйлады. Маалымат жана коомдук өнүгүү министри Аида Балаеванын катышуусу менен өткөн салтанаттуу жыйын «Казмедиа борбору» имаратында уюштурулду. Министр өз убагында элге маалымат берип жаткан тармактын бардык кызматкерлерине ыраазычылык билдирди.

Аида Балаева, РКнын Маадымат жана коомдук өнүгүү министри:

- Күн сайын элдин актуалдуу көйгөйлөрүн чечүүдө талыкпай эмгектенип келе жатасыздар. Сиздердин материалдарыңыздар аркылуу коомдук-саясий жана экономикалык өзгөрүүлөр менен катар, ар бир адамдын жеке жашоосун өзгөртө турган, жада калса алардын өмүрүн сактап кала турган учурлар бар. Сиздердин эмгегиңиздер айылдын, облустун жалпы эле өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө салым кошууда.

Өз ишинде жоопкерчиликтүү болгон ЖМК өкүлдөрү «Маалымат тармагынын мыктысы», «Даңк» жана «Эмгек ардагери» медалдары менен сыйланышты. Өзгөчө сыйга татыгандардын катарында «Казмаалымат» фотокабарчысы Виктор Федюнин да бар.

Виктор Федюнин, «Казмаалымат» ХАА фото-кабарчысы:

- Фотожурналистика тармагында 2000-жылдан бери иштейм. Өлкөбүздөгү жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү окуялар жөнүндө маалыматты жайылтуу үчүн ар дайым жаңылыктардын алдында жүрүүгө аракет кылабыз. Жаңы борборубуз менин көз алдымда курулду. Биз мунун баарына күбө болдук. Каналдардагы кесиптештер менен иштөөнүн өзү кызыктуу. Сиздерди майрамыңыздар менен куттуктайм жана баардык жакшылыктарды каалайм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков