Өлкөдө автоунаа жолдорун санариптештирүү жүргүзүлүп жатат

Казакстанда автоунаа жолдорунун электрондук паспортторун түзүү иштери башталды. Мурда бул жумуш көп убакытты талап кылса, азыр аны автоматтык режимде бир топ тезирээк аткарууга болот. Бул үчүн Казакстандын жол илимий-изилдөө институтунун адистери 3D форматтагы технологиясын колдонууда. Анын үстүнө, бул заманбап ыкма алда канча арзан жана так натыйжаларды берет. Компьютер жолдордун жана көчөлөрдүн үч өлчөмдүү планын көрсөтөт. Анын ичинде объекттер, белгилер жана жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрү да камтылды. Чогулган маалыматтар бир эле учурда сүрөттү кыймылдатып, айланта алат. Мындан тышкары, сүрөттү чоңойтуп, кичирейтип, өзгөрүүлөрдүн динамикасын изилдеп, программа жол тейлөө мекемелерине керектүү отчётторду берет. Учурда бул иштер Астана жана Актөбе шаарларында жүргүзүлүүдө. Долбоор өзүнүн эффективдүүлүгүн көрсөткөндүктөн, суроо-талапка ээ болууда. Мындай демилге келерки жылы өлкөнүн башка аймактарында да колго алынат деп күтүлүүдө.

Данияр Көшимханов, «Казжолгзи» АК автоунаа жолдорун диагностикалоо башкармасынын башчысы:
- Жалпы паспорттоонун социалдык мааниси чоң. Көлөмдүн көбөйүшү, мисалы, бир шаарды алсак, түндүк региондун шаарларында кышында кар күрөө же жазында суу каптоо сыяктуу көйгөйлөр пайда болот. Жолдун бетине аккан суу асфальтты бузуп, жараксыз абалга келтирүүдө. Андай болбошу үчүн бизде каражат толугу менен бөлүнүшү керек. Электрондук паспорттоо - жолдордун абалын онлайн режимде көзөмөлдөп, өз убагында оңдоого мүмкүндүк берет.

Айбек Кайер, Актөбе облусунун жүргүнчү ташуу жана автоунаа жолу башкармасынын башчысы:
- Актөбе облусунун акимиаты өлкөдө биринчилерден болуп жергиликтүү жолдорду толук санариптештирүү жана паспорттоштуруу боюнча иштерди баштады. Учурда талаа иштеринин алкагында узундугу 1264 чакырымды түзгөн облустун автожол тармагынын видео банкы түзүлүп, көпүрө курулмаларын жана суу өткөргүчтөрдү текшерүү иштери да жүргүзүлдү. Айта кетсек, жолдорду санариптештирүү учурунда алынган маалыматтар боюнча курулуш учурундагы каталар, техникалык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрдү алдык. Алынган маалыматтарды чогултуу жана талдоо боюнча комплекстүү иштерден кийин институттун адистери Актөбе облусунун жолдору жөнүндө маалыматты жол тармактарын башкаруунун бирдиктүү маалымат базасына бириктирет.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков