Акмола облусунда
жазгы айдап себүү иштери аяктады. Дыйкандар 5,5 миллион гектар жерге дан
эгишти. Алардын ичинен өсүмдүк майларынын үлүшү 430 миң гектарды түзөт.
Жалпысынан быйылкы жылы айдоо аянты былтыркыдан 63 миң гектарга көп. Дыйкандар
айдоо аянттарын ар тараптуу өнүктүрүүгө көңүл буруп жатышат. Ошондой эле, жашылча
жана картошка, мал азыгы да себилди. Себүү иштерине 37 миңден ашык техника
тартылды. Дыйкандарга 76 миң тонна дизель майы арзандатылган баада берилди. Кийинки
милдет - талааларды зыянкечтерден коргоп, түшүм жыйноого даярдык көрүү.
Аскар Кортаев, чарба башчысы:
- Май өсүмдүктөрү 9 миң
200 гектарга жакын болсо, жалпысы 14 миң 200 гектарды түзөт. Биз айдап-себүүнү бүтүрдүк.
Азыр вегетация мезгилинде химикаттарды баштадык. Муну жакшы өткөрсөк, жыйынтык
жаман эмес, жакшы. Эми жамгыр жааса абдан сонун болот.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

