Казакстандын желеги Жапонияда Казакстандын улуттук күнүнө карата көтөрүлдү

Казакстандын желеги Жапонияда Казакстандын  улуттук күнүнө карата көтөрүлдү

Казакстандын желеги Жапониядагы ЭКСПОдо көтөрүлдү. Биздин өлкөнүн улуттук күнү Осака шаарында белгиленди. Бул майрамга карата Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн аймагында артисттердин жана баатырлардын, ошондой эле күч оюндары боюнча дүйнөнүн төрт жолку рекордсмени Сергей Цырульниковдун катышуусунда масштабдуу парад өттү.


Майрамдын туу чокусу болуп 3 миңге жакын көрүүчү чогулган концерт болду. Сахнада Дина Нурпейисова атындагы элдик аспаптар оркестри, этно-фольклордук ансамблдер, ошондой эле бий коллективдери өнөр көрсөттү.


Белгилей кетсек, казакстандын павильону EXPO конокторунун арасында абдан популярдуу болду. Ага миллионго жакын адам келди.


Даулет Еркимбаев, Осакадагы «ЭКСПО-2025» көргөзмөсүндөгү секциянын башкы комиссары:


- Жергиликтүү калкка жана көргөзмөгө келгендерге павильон казак элинин маданиятын, тарыхын ачып бергени менен кызыктуу. Биз Казакстандын потенциалын, ар кандай туристтик, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүбүздү көрсөтөбүз. Ошондой эле көргөзмөнүн темасын ачып берүүгө абдан олуттуу мамиле жасадык. Биз экинчи зонабызда Казакстандын «жашыл» технологияларды өнүктүрүүгө умтулуу багытын көрсөттүк.

Которгон: Назира Бегалиева