Казакстан Нооруз майрамына даярданууда

Казакстан Нооруз майрамына даярданууда

Бул үчүн Шымкент шаарында 1 миллион боорсок, 2,5 миң литр нооруз көжө, бир тонна палоо бышырмакчы. Майрамдын алдында бир нече күндүн ичинде мегаполисте бүтүндөй бир айыл курулду. Нооруз майрамынын программасында салттуу ат чабыш да уюштурулду.

Жан Муканов, иш-чаранын уюштуруучусу:

- «Улуу Казак оюндары». Бул долбоордун өзгөчөлүгү – мында 4 багыт бири-бирине байланышкан. Көбүнчө салт, искусство, оюндар өзүнчө. Эми мунун баары биригип, биринчи жолу бир убакта болгону жатат. Бизге 17 облус, үч шаар келет. Азыркы учурда 1500дөн ашык катышуучу катталды. Бул масштабдуу жана кызыктуу иш-чара болот деп ойлойбуз.

Ошондой эле, Борбордук Азиянын эң байыркы шаарларынын бири болгон Түркестанда Нооруз майрамын белгилөө пландалууда. Түрк дүйнөсүнүн руханий борборунда бир нече этникалык айылдар бир убакта иштей баштайт. Алардын бири Кожа Ахмет Яссавинин күмбөзүнүн жанында. Мындан тышкары шаардын көчөлөрүнөн салттуу кербен жүрүшү өтөт. Белгилей кетсек, казакстандыктардын басымдуу бөлүгү Улустун Улуу күнүн ушул жерде майрамдоону жөн көрүшөт. Табият майрамы Түркестанда 10 күнгө созулат.

Нурдаулет Медеуов, облусттук туризм башкармасы башчысынын милдетин аткаруучу:

Бизде Түркестандагы мейманканада 1300дөй бөлмө бар. Алардын баары толугу менен сатылып кетти деп айта алабыз. Жакын жайгашкан Кентау сыяктуу шаарларда алардын саны азайып баратат. Коноктор ошол жерде жайгашып жатат. Азирет Султан корук музейинде эң көрүнүктүү туристтик жайлардын бири Яссавинин күмбөзү деп эсептейбиз. Келе турган коноктордун саны 10 миңге жакындайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков