Е. Карин: К. Токаевдин маеги Казакстандын негизги күн тартибин белгилейт

Е. Карин: К. Токаевдин маеги Казакстандын негизги күн тартибин белгилейт

Президенттин интервьюсу өлкөнүн 2025-жылга карата саясатынын негизги күн тартибин белгилейт. Бул жаңы саясий салтты калыптандыруудагы маанилүү кадам болуп саналат. Касым-Жомарт Токаевдин «Ана тили» гезитине жарыяланган маегине  мамлекеттик кеңешчи комментарий берди. Ерлан Карин белгилегендей, мындай жогорку деңгээлдеги маектер жарандарга мамлекеттин саясатынын артыкчылыктарын жана бийликтин республиканын келечектеги өнүгүүсүнө карата көз карашын тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берет. Мындай ачык өз ара аракеттенүү мамлекеттик түзүмдөр үчүн маанилүү курал болуп саналат. Аларга калк менен так жана ачык-айкын мамиле түзүүгө жардам берет. Жалпысынан алганда, Ерлан Кариндин пикиринде, мамлекет башчысынын маегинин негизги билдирүүсү-өлкөдө терең жана ар тараптуу реформалар улантылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков