АЧМ: 5 миллион гектардан ашык жер кайтарылды

АЧМ: 5 миллион гектардан ашык жер кайтарылды

Бул көйгөй айрыкча Түркестан, Кызылорда, Алматы, Атырау облустарында курч турат. Маселе малдын санынын кескин көбөйүшүнө байланыштуу дешет адистер. Көйгөйдү чечүү үчүн ар кандай чаралар көрүлүүдө. Бул туурлуу өкмөттө айыл чарба министри Ербол Карашукеев билдирди. Ошондой эле ал, биринчи кезекте пайдаланылбай калган жерлерди мамлекеттин менчигине кайтаруу керектигин белгиледи. Былтыр 5 миллион гектардан ашык жер кайтарылган. Бул максат быйыл да аткарылат. Мындан сырткары, жайыт жерлерди көбөйтүү максатында алардын тартыштыгына жол бербөө, асылдуулугун арттыруу, тоют базасын чыңдоо боюнча чаралар колго алынды. Ал эми былтыртан бери айыл чарба жерлерин санариптештирүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Смарт картада жол тармагы, гидрография жана инфраструктура объектилери тууралуу маалымат жайгаштырылган. Мындай чара 2024-жылга чейин толук чечилет, деди министр. Мындан тышкары, мурда пайдаланылбаган жана мыйзамсыз берилген участоктор боюнча ачык маалыматтары бар жаңы геокызмат түрүн тааныштырды.

Ербол Карашукеев, айыл чарба министри:

- Жалпыга жеткиликтүү интерактивдүү карта жарандар үчүн айыл чарба багытындагы жерлерге укук берүү үчүн жергиликтүү аткаруу органдарына кайрылуу үчүн колдонмо болуп калат. Ошондой эле пайдаланылбай жаткан айыл чарба жерлерин жүгүртүүгө киргизүүгө, ошол эле учурда тургундарды дыйканчылыкка керектүү жер тилкелери менен камсыз кылууга негиз болот. Ошону менен бирге, интерактивдүү картаны ишке киргизүү олуттуу социалдык таасирин тийгизип, пайдаланылбай жаткан жерлерди кайтарып алуу боюнча мамлекеттик аппараттын жүргүзүп жаткан ишине коомчулуктун баа берүүсүнө оң таасирин тийгизет деп ойлойбуз.

Жалпы республика боюнча жайыт менен камсыз кылууда жылыштар бар деп белгилейт тиешелүү мекеме. Акыркы эки жылдын ичинде тартыштыкты 9 миллион гектарга чейин кыскартууга мүмкүн болду. Натыйжада жайыт жерлеринин жалпы аянты азыр 180 миллион гектардан ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков