Елена Рыбакина казакстандыктарга ыраазычылык билдирди

Елена Рыбакина казакстандыктарга ыраазычылык билдирди

Уимблдон-2022нин жеңүүчүсү Елена Рыбакина казакстандыктарга  ыраазычылык билдирди. Биринчи теннисчи эртең өлкөгө келип, борбор калаада бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Елена Рыбакина, Уимблдон-2022 жеңүүчүсү:

- Урматтуу казакстандыктар! Өлкөгө кайтам. Сиздер мен үчүн ийгиликтүү болгон Уимблдондо чоң колдоо көрсөттүңүздөр. Аны жакшы билем. Терең ыраазымын. Биз тарыхка чогуу кирдик, бул эң сонун сезим! Мен азыркыга чейин ишене албай турам.

Белгилей кетсек, Елена Рыбакина Казакстандын теннис федерациясынын сыйлыгын алуудан баш тартты. Бул тууралуу аталган уюмдун вице-президенти Юрий Польский билдирди. Анткени каражатты кайрымдуулукка жумшап, Казакстандын жаш теннисчилерине колдоо көрсөтөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков