Казакстанда маданият жана
туризм тармагындагы адистерди даярдоо үчүн өлкөнүн жогорку окуу жайларына 25
президенттик стипендия бөлүндү. Тиешелүү буйрукту тармактын министрлиги
жарыялады. Бул стипендиялардын көбү, тагыраак айтканда 24 бакалавриаттарга, ал эми бири
магистратурага берилет. Дээрлик жарымы, 12 орун Казак улуттук искусство
университетине, ал эми Казак улуттук консерваториясына, Т.Жүргенов атындагы
Казак улуттук искусство академиясына жана Эл аралык туризм жана меймандостук
университетине 4 орундан тийди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков