Санариптик теңге качан киргизилет?

Санариптик теңге качан киргизилет?

Өлкөдө санариптик теңге 2025-жылдын аягына чейин колдонууга берилет. Төлөм системасы мыйзамдаштырылат. Казактандыктарда накталай акча жана картадан тышкары электрондук валюта пайда болот. Жалпы санариптик теңгени киргизүү накталай эмес төлөмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат, мамлекеттик чыгымдардын ачык-айкындуулугун камсыз кылат жана инновациялык каржы операцияларын жүргүзүүгө өбөлгө түзөт. Аны жүгүртүүгө киргизүү планы үч этаптан турат.

Айнур Кенжаева, «санариптик теңге» долбоорунун жетекчиси:

Технологиялык блок бөлүгүндө биз кардарлар, соода жана тейлөө ишканалары менен бирге иштештик. Экономикалык талдоо багытында сурамжылоо жүргүзүлдү, бул маалыматтардын негизинде биз санариптик теңгеге суроо-талап бар же жок экенин изилдедик. Муну менен катар экономикалык жана каржылык туруктуулукка тийгизген таасирине сценарийдик талдоо жүргүздүк. Жөнөкөй жарандын оффлайн режиминде төлөөгө мүмкүнчүлүгү бар. Экинчиден, бул демилге аркылуу каржы рыногунда атаандаштык пайда болот. Үчүнчүдөн, мамлекеттик бюджеттин натыйжалуулугун жогорулатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков