Монголдор менен байыркы уруулардын казак генетикасы менен дал келүүсүн аныктоо. Бул максатта казак окумуштууларынын бир тобу Монголияга экспедицияга аттанат. Окумуштуулар өлкөнүн жарандарынан алынган генетикалык анализдерди жана кан үлгүлөрүн Монголиядагы чакан этностордун жарандары менен салыштырышат. Ошентип, окумуштуулар жалпы туугандык белгилер менен этникалык өзгөчөлүктөрдү аныкташат. Изилдөөнүн максаты так, эми аны ишке ашыруу жана анын жыйынтыгын этногенез тармагындагы илимий ачылыш катары жарыялоо пландалууда.
Максат Жабагин, УББ адам генетикасы лабороториясынын жетекчиси:
- Ошондой эле, ар кандай монгол тилдүү этникалык топтор бар. Биз алардын көп түрдүүлүгүн генетика аркылуу изилдейбиз. Ал жерге азыркы монгол топторунун кайсынысы жакын, кайсынысы алыс экенин аныктоо үчүн этнографиялык маалыматтарды, ошондой эле ДНКны чогултуу үчүн барабыз.
Казак окумуштуулары Монголиянын батыш жана чыгыш райондорун мурда изилдөө жүргүзүлө элек жерлерин камтууну көздөп жатат. Тургундардан алынган ДНК үлгүлөрү атайын биобанкада сакталып, өлкөгө жеткирилет.
Ерлан Раманкулов, УББ башкы мүдүрү:
- Монголиянын негизги калкы жакшы изилденген, аны мындан ары изилдөө максатыбыз жок. Буга чейин окумуштуулар байкабай калган топтор бар. Мисалы, найман, коңырат, керей сыяктуу ири уруулар Монголияда мындан 700 жылдан ашык мурда жашап, көчмөн салтында казак жерине көчүп келишкен. Өлкөдөгү башка уруулар менен генетикалык жактан шайкеш экенин билебиз.
Казак эли дүйнөдөгү санжырасын мыкты билген саналуу элдердин бири, дешет окумуштуулар. Заманбап илим жана техника аны далилдөөгө мүмкүндүк берет. Тилекке каршы, көчмөн элдердин башынан өткөргөн тарыхый окуялар тууралуу жазмалар аз. Документалдык материалдардын аздыгын эске алганда, жаңы маалыматтар тарыхчылар, археологдор жана палеонтологдор үчүн баалуу болоору шексиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков